Редакцияот 28.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVIII СЕССИЯСЫ

 (III чакырылыш)

2014-жылы 28-майы №182

Ош  шаарындагы аксакалдар 

сотторунун аткарып жаткан

иштери  жөнүндө

Аксакалдар  сотторунун  координациялык  Кеңешинин  төрагасы  Ш.Умарбековдун   аксакалдар  сотторунун  аткарып жаткан   иштери  жөнүндөгү  маалыматын  угуп жана  талкуулап, ошондой  эле  сессиянын  жүрүшүндө депутаттар тарабынан  айтылган  ой-пикирлерди, сунуштарды  эске  алып, Ош  шаардык  Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Аксакалдар  сотторунун  координациялык  Кеңешинин  төрагасы  Ш.Умарбековдун аймактык  Кеңештердеги  аксакалдар  сотторунун  аткарып жаткан  иштери  жөнүндөгү  маалыматы   эске  алынсын.

2. Ош  шаарынын  мэриясына (А.Кадырбаев):

- аймактык  Кеңештерди  жана  аксакалдар  сотторун  имараттар  менен  камсыз кылуу маселесин  чечүү;

- аксакалдар сотторуна ай сайын төлөнүүчү сый акыларды (премия) жогорулатуу маселесин карап   чыгуу;

- аксакалдар  сотторунун  иштөөсүнө  керектүү  шарттарды  түзүү  жагы  милдеттендирилсин.                                                                                     

3. Аксакалдар  сотторуна   өздөрүнүн  аткарып  жаткан  иштери  жөнүндө  ай  сайын   Ош  шаардык  Кеңешине   жана   массалык  маалымат  каражаттары  аркылуу  калкка  маалымат  жеткирип  туруу тапшырылсын. 

4. Токтом  мыйзамда  каралган  тартипте  катталсын(М.Сапаралиев)  жана  массалык  маалымат  каражаттарына  (К.Жамалов) жарыялансын.

5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө Ош  шаардык  Кеңешинин   жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы   экономикалык  байланыштар, кичи  жана  орто  бизнести  колдоо  жана  миграция маселелери боюнча  туруктуу  депутаттык  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

У.Примов