Редакцияот 28.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVIII СЕССИЯСЫ

 (III чакырылыш)

2014-жылы 28-майы №183

Ош шаарын жаратылыш газы

менен камсыз кылуу маселесин

чечүү боюнча Кыргыз

Республикасынын Жогорку

Кеңешине жана Өкмөтүнө

кайрылуу жөнүндө

Ош шаарынын аймагында жаратылыш газын берүү токтотулгандыгынан келип чыккан көйгөйлүү маселелер боюнча шаардык Кеңештин депутаттык фракцияларынын башчыларынын көчмө отурумунун жыйынтыгын, Ош газ чарба башкармалыгынын башчысы М.Аматовдун маалыматын угуп жана талкуулап,  ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ош шаарын жаратылыш газы менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу  жөнөтүлсүн.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев)  жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин  аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кенешинин төрагасы:

 

У.Примов