Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №188
Ош шаардык участкалык шайлоо
комиссияларынын резервдерине
көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62-«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун II бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиянын кароосуна калтырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |