ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
(III чакырылыш)
2014-жылы 28-майы №191
Ош шаарынын мэриясынын
алдында Тышкы байланыштарды
жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү
Агенттигин түзүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 7-майындагы №127-08-6-Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агенттигин түзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 21-майындагы №3-токтомун жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын алдында Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агенттигин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 5-февралындагы кезексиз XV сессиясында кабыл алынган №150-Ош шаардык мэриясынын аппаратынын түзүмүн, штаттык сан эсебин бекитүү жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгын түзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агенттигинин Жобосун иштеп чыгып, бекитүү үчүн шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизүүнү камсыздоо тапшырылсын.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык малымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Председатель Ошского Городского Кенеша: |
У.Примов |