ТоктомКүчүндө

Ош шаардык кеңешинин 2014-жылы 28-майындагы №192 «Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө» токтому

Редакция28.05.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVIII СЕССИЯСЫ

(III ЧАКЫРЫЛЫШ)

2014-жылы 28-майы №192

Ош  шаарында Кыргыз Республикасынын

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

символдору жөнүндө» мыйзамынын

аткарылышы жөнүндө

Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Р.Мирзаматовдун Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып,Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев)  жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин  мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жана социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

У.Примов