Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 29-марты №2
«Айылдык аймактагы электр өчүрүүлөрү жөнүндө»
Кара-Суу РЭТинин Отуз-Адыр участкасынын начальниги Э.Молдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу РЭТинин Отуз-Адыр участкасынын начальниги Э.Молдошевдин жана участкалык мастери Э.Маматовдун мыйзамсыз иштери көңүлгө алынсын.
2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн балансындагы трансформаторлорду,электр счетчиктерин текшерүүнү РЭТтин атайын адистери гана жүргүзүшсүн жана текшерүү жүргүзүлүшү тууралу алдын ала айыл өкмөтүнө билдирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Жээнбековага милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Базарбаев |