Редакцияот 29.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги

XVIII- сессиясы  (төртүнчү чакырылыштагы)

2014-жылы 29-марты №6

«Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин

киреше бөлүгүнүн «Транспорт каражаттарын койгондуктары

 үчүн»беренесинде каралган 19,0 миң сом акча каражаты жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Камчыбековдун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджети жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.  Отуз-Адыр айылдык аймагында атайын автостоянкалар жок болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн «Транспорт каражаттарын койгондуктары үчүн» беренесинде каралган 19,0 миң сом акча каражаты (жокко чыгарылсын) алынып салынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Ташматов)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Базарбаев С.