ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги
XVIII- сессиясынын (төртүнчү чакырылыштагы)
2014-жылы 29-марты №7
«Айылдык аймактагы бюджеттик мекемелерди
таза суу менен бекер камсыздоо жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Камчыбековдун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджети жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактагы бюджеттик мекемелер таза суу менен бекер камсыздалышсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Жээнбековага милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Базарбаев С. |