ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги
XVIII- сессиясы (төртүнчү чакырылыштагы)
2014-жылы 29-марты №8
Отуз-Адыр айылындагы «Жаштык» маданий –спорткомплексинин чатырын жабу үчүн акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Т.Торомурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылындагы «Жаштык» маданий – спроткомплексинин чатырын жабуу үчүн 600,0 миң (алты жүз мин) сом акча каражатын бөлүп берүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысына тапшырылсын. (Базибай уулу А)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын торагасына милдеттендирилсин.
(Э.Ташматов).
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Базарбаев |