Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 23-сентябры №9-1
Ижара акылардын өлчөмү тууралуу.
Кенешмеде айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап туруктуу комиссиянын кенешмеси
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу, өздөштүрүүгө берилген жер аянттары учун ижаралык акылар, 1(бир) га жер аянтына, 2013-жылга чейинки түзүлгөн келишимдердин негизинде төлөнсүн.
2. 2013-жылдын ноябрь айынан баштап, инфляцияга негиз, сугатка ынгайлуу жерлер үчүн 1(бир) га жер аянтына пайдалангандыгы үчүн, ижара акысы, социалдык төлөмү жана салык төлөмдөрү болуп жалпысы 3000(үч мин) сомдон, ал эми сугат учун кыйын болгон жерлерге жалпысы болуп 2500(эки мин беш жуз) сомдон болсун деп белгилөөгө макулдук берилсин.
3. Келишимдери бүткөн ижарачылар менен мыйзам чегинде ижаралык келишимдерди өз убагында бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Чечимдин аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын.
Айыл, суу чарбасы боюнча туруктуу Комиссиясынын торагасы: |
М.Абдилазизов |