Редакцияот 26.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык Кеңешинин (Vчакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын отурумунун

2014-жылы 26-майы №13/2

Сыдык  Маматов атындагы балдардын музыкалык мектебинин окуучуларга татыктуу билим берүүдө жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясынын отуруму  күн тартибине киргизилген маселе боюнча шаардык Кеңештин «Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жусуповдун  маалыматын угуп талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сыдык Маматов атындагы балдардын музыкалык мектебинин окуучуларга татыктуу билим берүүдө жүргүзүп жаткан иштери кээ бир кемчилдиктерге жол бергенин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Балдардын музыкалык мектебинин директоруна:

- окуучуларга терең билим берүү боюнча конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу;

-окуучуларга музыкалык билим берүү багытында реформа жасоо боюнча перспективалык пландарды иштеп чыгуу;

- окуучуларды окуу китептери, окуу процессине керектелүүчү музыкалык аспаптар менен толук камсыздоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү;

- окуучулардын сабактарга толук катышуусун көзөмөлдөө;

- шаардагы мектептерден билим алып жаткан окуучулардын ичинен музыкага шыктуу, талантуу окуучуларды музыкалык мектепке тартуу боюнча иштерди жандандыруу;

- балдардын музыкалык мектебинин тазалыгын сактоону, территориясын көрктөндүрүүнү уюштурууну жолго коюу, класстык бөлмөлөрдү заманбап эстетикалык жактан жасалгалоо;

-техникалык коопсуздукту сактоо боюнча орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу; -имараттын ичин сыртын оңдоп түзөө иштерин жаңы окуу жылына сапаттуу аяктоо;

-имаратты капиталдык ремонттоо боюнча демөөрчүлөр, эл аралык уюмдар менен долбоорлордун негизинде иш жүргүзүп, инвестиция тартуу жагын жолго коюу;

- аткарылган иштер боюнча жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңешке маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешини  «Социалдык маселелер, гендер, жаштар саясаты жана спорт боюнча»  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Насиров