Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жыл 19-апрели №5/4
Жаңы-Арык айылдык округунун
Айымагындагы элдүү пунктардын
ичинде бош жаткан жерлерден
социалдык маданий обьектилердин
жана жеке менчик турак жай куруу
үчүн жер участокторун ажыратып
берүү жөнүндө
Жаңы-Арык айылдык округунун аймагында жайгашкан Жаңы-Арык, Правда, Достук,Ак-Терек,Таш-Арык айылдарынын ичинде бош жаткан калктуу конуштун ген пландын арасындагы жер аянттарына социалдык маданий обьектилерди жана жеке менчик турак жай куруу үчүн айылдык округуна жазган арыздарынын негизинде карап жана талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылдык округунун Жаңы-Арык, Правда, Достук, Ак-Терек, Таш-Арык айылдарынын башкача айтканда калктуу конуштун ичинде бош жаткан калктуу конуштун ген пландын чек арасындагы жер аянттарына социалдык маданий обьектилерди жана жеке менчик турак жай куруу үчүн айылдык округуна жазган атуулдардын арыздарын канаатандыруу максатында ушул жер аянттары жеке менчик турак жай курун ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынын, Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармасы тарабынан тийиштүү документтерди түзүп берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө алуу жана иш жүзүнө ашыруу Жаңы-Арык айылдык округунун жер боюнча адиси А.Жабировго жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин төрагасы: Катчысы: | М.Шерматов Р.Козубаев |