Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жыл 22-майы №6/2
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин IV
чакырылышынын кезексиз
II cессиясынын № 2/1 токтомуна
өзгөртүүлөр жана толуктоолор
менен өз күчүнө калтыруу
жөнүндө
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин дарегине кайрылган «Кыргызстан» ачык акционердик коомунун жетекчиси Х.Өзгөнов Жаңы-Арык айылдык өкмөтүнө тиешелуу болгон Кенсай участкасында жайгашкан Прирельсовая базасынын жер аянты тиешелуу документтери менен «Кыргызстан» акционердик коомунун балансында турган мөмө сактоочу жай «Фруктохранилище» жана борбордук гараж документтери менен алмашууну сунуш кылды.Сунушту кабыл алып Жаны-Арык айылдык кенешинин IV чакырылышынын кезексиз II сессиясынын №2/1 токтомун эске алып,Жаны-Арык айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз II сессиясынын №2/1 токтомуна төмөндөгүөй өзгөртүулөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. Жаны-Арык айылдык округуна тиешелуу болгон Кенсай участкасында жайгашкан Прирельсовая база деп аталган жер участогунун 3.19 га жер аянтынын баасы көз карандысыө баалочуга баалантырылсын.
2. «Кыргызстан» акционердик коомунун балансында турган мөмө сактоочу жай «Фруктохранилище» 11 927 м. кв жери менен ошондой эле борбордук гараж 25 000м кВ жери менен көз карандысыз баалоочуга баалантырылсын.
3. пункт өзгөртүүсүз калтырылсын.
4. пункт өзгөртүүсүз калтырылсын.
5. пункт эки тараптын баалары аныкталгандан кийин кайрадан Жаңы-Арык айылдык кеңешинин сессиясына коюлсун.
6. Ушул токтомду аткаруу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана аткаруу жагы Жаңы-Арык айылдык округунун муниципиалдык жер сатуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин төрагасы: |
М.Шерматов |