Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 24-июлу №3
«Айыл чарба иштеринин жүрүшү жөнүндө».
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Атамбиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Атамбиевдин айыл чарбасы боюнча аткарган иштери «канаттандырарлык» деп эсептелсин.
2. Айыл башчылар кылкандуу дан эгиндерин оруп – жыйноо иштерин колго алышсын.
3. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн техсервиз уюштуруу үчүн 30,0 га сугат жер таап берүү суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С. Атамбиев).
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
О.Айдаров |