Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 24-июлу №5
«Отуз-Адыр айылынын тургуну Х. Мазарипованын
менчик балдар бакчасын ачуусу жөнүндө».
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Джумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылынын тургуну Х. Мазарипованын менчик балдар бакчасын ачуу демилгеси колдоого алынсын.
2. Менчик балдар бакчасын ачуу боюнча иш кагаздарын даярдоо Х. Мазарипованын өзүнө жүктөлсүн.
3. 2014 – жылдан Х.Мазарипованын менчик балдар бакчасын муниципалдык балдар бакчасына айландыруу (которуу) айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (К.Джумабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
О.Айдаров |