Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 24-июлу №8
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы
бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».
Айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ташматовдун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №9 М. Тешебаев орто мектебинин жылуулук системаларын ремонттон чыгарууга айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн эсебинен 70,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн суралсын.
2. Жогорудагы 70,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин төмөндөгү статьяларынын эсебинен алынсын (чегерилсин):
а) М. Жаманкулов орто мектебинин китепканасын ремонттоо – 10,0 миң сом.
б) Маданият үйүнө музей ачуу - 40,0 миң сом.
в) Отуз-Адыр орто мектебинин ремонт иштерине - 5,0 миң сом.
г) айылдык кеңештин иш – кагаздарына - 15,0 миң сом.
3. М. Жаманкулов орто мектебине «Мерсико» проекти аркылуу парталарды алууга бөлүнгөн 50,0 миң сом акча каражаты проект ишке ашпай калгандыгына байланыштуу аталган мектепке түз бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Базибай уулу Асанбек).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (Э. Ташматов).
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Айдаров О. |