Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 24-июлу №9
Отуз-Адыр айылдык округунун сырткы
чегараларын аныктап-тактоо боюнча
жүргүзүлгөн иштерди бекитип берүү жөнүндө.
«Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Отуз-Адыр айылдык округунун сырткы чегараларын аныктап-тактоо боюнча жүргүзгөн иштерин карап чыгып Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Отуз-Адыр айылдык округунун сырткы чегараларын аныктап-тактоо боюнча жүргүзгөн иштери жактырылсын жана чек ара жазылган баяндама боюнча бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С. Атамбиев).
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Айдаров О. |