Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 2-октябры №3
Айылдык аймактагы субьекттердин
кышка даярдыктары жөнүндө.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Аликуловдун айылдык аймактагы субьекттерди кышка карата даярдоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Аликуловдун айылдык аймактагы субьекттерди кышка карата даярдоо жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жылуулук системаларынын талапка ылайык абалда каралып иштетилишин камсыз кылуу жагы мектептердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Мектептердеги, бала бакчалардагы жылытуу системаларына, отун, көмүр запастарына көзөмөлдүк кылуу жактары айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Аликуловго жана айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Ташматовго милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
О.Айдаров |