Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 2-октябры №5
«Отуз-Адыр айылдык ооруканасынын
кызматкерлеринин элдин саламаттыгын
сактоо жаатында алып барып жаткан
иштеринин абалы жөнүндө».
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Жээнбекованын Отуз-Адыр айылдык ооруканасынын кызматкерлеринин элдин саламаттыгын сактоо жаатында алып барып жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык ооруканасынын кызматкерлери элдин саламаттыгын сактоо жаатында солгун иш алып барып жатышкандары жөнүндөгү айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б. Жээнбекованын билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачтары өз милдеттерин «канааттандырарлык» даражада аткарбай жатышкандыктарына байланыштуу эл арасында нааразылыктар пайда болууда, ушул себептүү жогорудагы жамааттын иш аракеттерин кароо Кара-Суу райондук жергиликтүү администрациясына сунушталсын.
3. Отуз-Адыр айылдык ооруканасындагы койкалардын санын көбөйтүү жана кошумча дарылоочу бөлүмдөрдү ачып берүү жагы райондук медицина тармагынын жетекчилигинен суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Аликуловго жана айылдык кеңештин социалдык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Жумабаевге милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
О.Айдаров |