Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 2-октябры №6
«Жаштар уюму жөнүндө».
Отуз-Адыр айылынын тургуну Жеенбеков Бакыттын сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын жаштар уюмунун лидери Жээнбеков Бакытбектин жаштарга камкордук көрүү, аларды социалдык жактан колдоо, айыл ичин жакшыртуу жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Жаштар уюмун колдоо алардын мүдөө, талаптарын аткаруу максатында ФПСтин жеринен 5-10 га жер аянтын бөлүп берүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Отуз-Адыр айылдык аймагынын жаштар уюмунун төрагалыгына Адашов Алмаз дайындалсын.
4. Жаштар уюмунун иш аракеттерине колдоо көрсөтүү жана көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Аликуловго жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Жумабаевге милдеттендирилсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: |
О.Айдаров |