Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 10-апрели №2
“Шадыкан айылдык аймагындагы Ынтымак айылынын Касымбай көчөсүнүн №10 үйүнүн тургуну Жанышов Тургундун талаш-тартыш 2502,5 (кв.метр.) огород жер участогу жөнүндө”.
2013-жылдын 8-апрелиндеги Шадыкан айылдык аймагындагы Ынтымак айылынын тургуну Жанышов Тургундун турак-жай үй салынып калган 2502,5 (кв.м.)
Огородун иниси Сакеев Мамак менен талашып жаткан огород жер участогу жөнүндөгү арызкайрылуусун жана 2005-жылдын 24-мартында Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жанакыймылсыз мулккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Жанышов Тургунга берилген сериясы Ч №237546 сандуу Мамлекеттик АКТсы(жер кубөлүгү) жөнүндөгү жанаШадыкан айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-августундагы № 1 токтомунун бөлүгүн Талас областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 16-июнундагы (иш №АД-53/11-МТ) чечимин сот тарабынан жокко чыгарылгандыгын эске алып,ошондой эле Шадыкан айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кенешиндеги депутаттары А.Аныракаев, Ж.Чудубаев, А.Назаралиев, Б.Бейшекеев, У.Суйутбеков, Т.Жолдошев, М.Жумакулов жана Д.Алымбековдордун калыстык-сунуштарын угуп жана айылдын уста-тургуну Астыбеков Анарбектин, Жанышов Тургундун иниси талашып жаткан үйүнүн чатырын 1973-жылы Жанышов Тургундун каражатынын эсебинен жаап бергени жөнүндөгү, түшүнүк катын талкуулап, ошондой эле Жанышов Тургун жөнүндөгү Талас облустук мамлекеттик архивинин 2011-жылдын 26-июлундагы №23 - ж чгыш сандуу архивдик аныкиамасындагыдай Жанышов Тургун 1966-жылдан бери үй-бүлөсү менен Ынтымак (мурунку Калинин айлынын Калинин көчөсүндүгү) айылында жашап жаткандыгы эске алып , изилдеп,талкуулап жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү Кодексинин 44-беренесин,Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 5,12 пункттарын жетекчиликке алып,Шадыкан айылдык аймагынын ХХУ1 чакырылышындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кенешиндеги депутаттарынын кезексиз У1 сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жанышов Тургундун Шадыкан айылдык аймагындагы Ынтымак айылынын №311-контурундагы Касымбай көчөсүнүн №10 уйундөгү 2502,5 (кв.м.) (индентификациялык коду 6-02-01-1001-0311) огороду жеке менчиги экендиги табылсын.
2. Шадыкан айылдык аймагындагы Ынтымак айылынын №311-контурундагы Касымбай көчөсүндөгү 2502,5(кв.М) (индетификационный коду 602-01-1001-0311)огород участогу үчүн жеке менчиги жөнүндөгү токтому Жанышов Тургунга дарярдап берүү жагы Шадыкан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ызабеков Медеркул Сагынбековике милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шадыкан айылдык аймагынын жергиликтүү өз аплдынча башкаруу Кенешинини депуттаттарына калтырылсын.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кенешинин Депутаттарынын төрагасы: |
Т.Байгончоков |