Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014 – жылы 9-апрели № 26 – 9/ 29
Жайыт комитетинин 2013-жылдын
бюджетинин аткарылышы жана
2014-жылдын бюджетинин долбоорун
бекитүү жөнүндө.
Кайыңды айылдык аймагынын «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2013-жылы аткарылган иштеи жана 2014-жылы аткарылатурган иш планын угуп талкуулап,Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2013-жылы жайыт пайдалануучулардан өндүрүлбөй калган 13410 сом өндүрүлсүн.
2. 2014-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бектилип берилсин:
Кара малга: 1. Сырттан келген мал башына - 100 сом
2.Жергиликтүү жарандардын мал башына – 50 сом
Кой,эчкиге: 1. Сырттан келген мал башына - 20 сом
2.Жергиликтүү жарандардын мал башына – 10 сом
3. Жайыт комитетинин төрагасы (Т.Керимбеков) айыл өкмөтүнүн вет.адиси (А.Султаналиев) менен бирдикте сырттан келген малдын ар кандай жугуштуу орууларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнөүндө аныктамаларын текшерүү жагы милдеттендирилсин.
4. Мал багып жайыт пайдаланган малчылар менен эки тараптуу келишим 15-апрелге чейин жүргүзүлсүн жана малды алыскы жайыттарга көчүрүү ЖК. башчысы Т.Керимбековго тапшырылсын.
5. 2014-жылдын бюджетинин долбоору малдын башын тактап, малчылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кийинки сессиянын отурумуна дайындоо жагы «Жайыт комитетинин» башчысы Т.Керимбековго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл –чарбасы боюнча тармактык комиссясынын төрагасы К.Узенбековго тапшырылсын.
Төрага: | З.Абдрахманов |