Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014 – жылы 9-апрели № 26 – 9/ 30
Кайыңды айылдык аймагы боюнча
жазгы талаа иштеринин жүрүшү
жөнүндө.
Арал,Чечдөбө айылдарынын суугат суу пайдалануучулардын ассоциациясынын (СПА) 2013-жылы аткарылган иштери боюнча жана 2014-жылдын жазгы таа иштеринин жүрүшү жөнүндө маалыматын угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал,Чечдөбө айылдарынын суугат суу пайдалануучулардын ассоциациясынын 2013- жылы аткарган иши канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2014-жылдын февраль айыдагы жалпы элдик жыйынын протоколу менен жеке менчик үй чарбанын жеке менчигинде короо- жай участогун, бир жылда бир жолу, суугат суу менен сугаруу үчүн 50 сом өлчөмүндө акча каражатын алууга уруксат берилсин.
3. Жүргүзүлгөн соц.паспорттун негизинде жакыр,аз камсыз үй-бүлөлөрдөн жер участокторго берилген суугат суу үчүн төлөмдөрдөн бошотулсун.
4. Дыкандарды суугат суу менен толук камсыз кылуу жана кормжосүз пайдалануу үчүн түзүлгөн графиктин негизинде иш жүрүзүү жагы СПА нын жетекчиси М.Сейдибалиевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба тармактык комиссиянын төрагасы К.Узенбековго дайындалсын
Төрага: | З.Абдрахманов |