Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014 – жылы 9-апрели № 26 – 9/ 32-1
Арал айылынын клубуна СССРдин
Эл артиси,Кыргыз Республикасынын
жана Казак Республикасынын Эл акыны
Эстебес Турсуналиевдин ысымын
ыйгаруу жөнүндө.
2014-жылдын 27-февралында Кайыңды айылдык аймагынын жалпы жыйынында Арал клубуна СССРдин Эл артиси, Кыргыз Республикасынын жана Казак Республикасынын Эл акыны Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө элдин демилгесин колдоо максатында Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 27-февралындагы Кайыңды айылдык аймагынын жалпы элдик жыйындын токтому бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу Арал айылынын клубуна «Эстебес Турсуналиевдин» ысымы ыйгарылсын.
3. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди мыйзамдаштырып берүү жагы Манас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин билим берүү жана социалдык маселлер боюнча тармактык комиссясынын төрагасы Б.Сулаймановго тапшырылсын.
Төрага: | З.Абдрахманов |