Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 10-августу №11/7
Баетов айыл аймагынын административдик
аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү
жана 1-2-3-топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы
жана К-3 зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2013-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү №231 чи Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде Баетов айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Баетов айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдан баштап Баетов айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.
- Айыл чарбасы багытталган жерлердин жер салыгы, короо жай алдындагы багбанчылыкка жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин жер салыгы;
- 1,2,3-топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы
2. К-3 зоналык коэффициентинин мааниси 0,8 өлчөмдө бекитилсин.
3. Жер салыгынын 1,2,3-топ боюнча обьектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын
Төрага: | Т.Рысбаев |