Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/13
Кадамжай шаарындагы А. Масалиев атындагы №17 орто мектебинин ата-энелер комитетинин кайрылуусу жөнүндө
А. Масалиев атындагы №17 орто мектебинин ата-энелер комитетинин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында 20м жолдун боюна коюла турган тосмонун сметасын аныктоо Кадамжай шаардык мэриясынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы А. Билаловко жүктөлсүн.
2. Жолдун боюна коюулуучу тосмого сарпталуучу акча каражаттын ажыратып берүү жагы Кадамжай шаарынын мэриясынын ЭКБнүн башчысы М. Жумаматовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т.М.Камбаров |