Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-марты №3
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезектеги
ХVI сессиясында Боо-Терек айылынын маалыматтык –методикалык борборунун
капиталдык ремонтуна өздүк салым кошуу жөнүндө.
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезектеги ХIV сессиясы Боо-Терек айылынын маалыматтык –методикалык борборунун капиталдык ремонтуна өздүк салым кошуу жөнүндө ФЭБ башчысы А.Мамбетованын сунушун угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезектеги ХIV сессиясы Боо-Терек айылынын маалыматтык –методикалык борборунун капиталдык ремонтуна өздүк салымына акча каражаты 2014-жылдын бюджетинен “Мамлекеттик кызмат болумунун” 3111 статьясынан каралып, 164850 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ нүн башчысы А.Мамбетовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кенештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Э.Бейшебаев |