Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-марты №1
«Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2015-2016 жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө».
Боо-Терек айылдык аймактык кенеши, айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 5538,1 мин сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше булактары, төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн (мин сом):
Трансферттер: 2678,8
Тендөөчү грант 2678,8
Салык төлөмдөрү: 2459,3
· Патентин негизинде алынуучу салык 225,0
· Иш беруу тараб. айлык акыдан карм киреше салыгы 850,0
· Чакан ишкерлерден алынуучу салык 9,0
· Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык 13,0
· Унаа каражат ээлеринен алынуучу киреше салык 300,0
· Короо жай (огород) жер салыгы 232,0
· Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы 520,3
· Айыл чарба багытында эмес жер салыгы 70,0
· Сатуудан алынуучу салык 240,0
Салык эмес киреше булактары: 400,0
· КБФ жерлеринин ижара акысы 350,0
· Юст.орг.тарабынан кармалуучу мамл.пошлина 40,0
· Айып акылар, санкциялар, конфискациялар 10,0
Жалпысынан 5538,1
Чыгашалар бөлүгү 5538,1 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
· Башкаруу аппараты 3586,6 мин сом
· Турак жай коммуналдык бөлүмү 570,0 мин сом
· Маданият бөлүмү 462,7 мин сом
· Билим берүү бөлүмү 821,8 мин сом
· Социалдык жактан коргоо бөлүмү 97,0 мин сом
Жалпысы 5538,1 мин сом
1. 2014 –жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы, соц фонд ж.б)
2. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте бекитилген сметадан ашып түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык аймактык кенештин сессиясына сунушталып, планга тактоо кигизуу Каржы Министрлигинен суралсын.
3. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга, разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык аймактык кенештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
4. 2013- жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2014-жылга 10,0 мин сом өлчөмүндө кассалык жугуртмо каражаттык запас тузулуп, жыл ичинде керектуу учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын
5. Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 1/V буйругунун негизинде жергиликтүү бюджеттен, 2014-жылы күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдарда тез-арада куткаруу иштерин уюштуруу жана анын кесепетин жоюу учун 120,0 мин сом өлчөмүндө «кол тийгис» акча каражаттарынын запасы түзүлсүн.
6. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21 статьясына ылайыктуу (Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын 20.07.2004 ж №93, 14.02.2008 ж № 14 редакциясы боюнча) Жергиликтүү бюджеттин чыгашасынын 1% на чейинки өлчөмүндө, айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык экономикалык маданий чыгымдарына 55,0 мин сом резервдик фонд түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
7. 2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө (башчысы А.Мамбетовага) тапшырылсын.
8. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
9. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар мөөнотүнөн кечиктирилбей алынсын.
10. Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэфициенти К1=1,0 болуп белгиленсин.
11. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий)ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
12. Жергиликтуу бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары( эмгек акы, соц фондго чегеруу) жана электроэнергиясынын чыгымдарына, байланыш чыгымдарына.
13. ББУ нун «Буткул дуйнолук азык-тулук программасынынын» алкагында мектептердеги тамак-аш берууну оптимизациялоо долбоорун колдоо максатында оздук салым ирээтинде 1-4 класстын окуучуларынын тамак-аш чыгымдарына 80,0 сом каралсын.
14. 2015- жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы 5630,1мин сом, анын ичинен теңдөөчү грант 2749,8 мин сом, 2016-жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы 5672,5 мин сом, анын ичинен теңдөөчү грант 2768,2 мин сом суммасында белгиленсин.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Боо-Терек айылдык аймактык Кенешинин төрагасы: |
Э.Бейшебаев |