Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014 – жылдын 15 – апрели №17/56
«Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын Кызыл–Кыя шаарында аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маслени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:
“Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014–жылдын 7–февралындагы ПЖ №24 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014–жылдын 19–мартындагы №13–8/102 сандуу буйругун ишке ашыруу боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2014–жылдын 4–апрелиндеги №01–16/109 буйругу кабыл алынып, буйрук менен “Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2014–жылга диний экстремизмдин алдын алдын алуу жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш–чаралардын планы” бекитилген.
“Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014–жылдын 7–февралындагы ПЖ №24 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2014–жылдын 7–апрелинде Кызыл–Кыя шаарынын активи менен төгөрөк стол өткөрүлүп, ал төгөрөк столдо Кызыл–Кыя шаарынын активинин бардык шаардыктарга, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына, Муфтиятка жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылуу кабыл алынып, ал кайрылуу шаардык кеңештин сессиясына сунушталган.
Бирок Кызыл–Кыя шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жогорудагы Жарлыгын ишке ашырууга толук көңүл бурулбай жатканы белгиленет.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна жана шаардык кеңештин Регламентине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014–жылдын 7–февралындагы ПЖ №24 Жарлыгын ишке ашыруу маселесине Кызыл–Кыя шаарынын мэриясы тарабынан толук көңүл бурулбай жатканы белгиленсин:
II. Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул Жарлыгын аткаруу үчүн төмөнкү иш–чаралар милдеттендирилсин:
2.1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча концепциясынын негизинде иш–чара иштелип чыгылып, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунушталып бекитилсин.(Мезгили бир айдын ичинде).
2.2. Шаардын мэрине (А.Халмурзаев) шаардын жаштарынын арасында үгүт иштерин колго алып, Кыргызстандын элине жат болгон көрүнүштөрдү, жашоого жат мүнөздү, маданиятты жана жат кийимдерди кийүү кыргыз элине жат экенин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин. (Мезгили туруктуу).
III. Шаардын мэриясына, (А.Халмурзаев) шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Каримова К. С) «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10–беренесине ылайык окуучулардын кийим формасына болгон талаптарды шаардын мектептеринин Уставынын негизинде окуучулардан талап кылынсын. (Мезгили туруктуу)
IV. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк өкүлчүлүгү менен биргеликте шаарда социалдык–экономикалык абалды жакшыртуу боюнча кабыл алынуучу иш чаралар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, учурдагы маселелерди чечүү максатында диний уюмдардын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз жолугушуулар өткөрүлсүн (А.Халмурзаев). (Мезгили бир жылда эки жолудан кем эмес).
V. Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты колдоого, Кыргызстан элинин маданиятын жана каада салттарын оң жагынан дүйнөлүк диндердин тарыхын, өлкөнүн мусулмандары үчүн салттуу болгон «Ханафий» масхабын чагылдырууга диний фундаментализмдин, радикализмдин жана экстремизмдин идеяларын жайылтууга каршы аракеттенүүгө багытталган макалаларды жарыялоо, телекөрсөтүүлөр жана радиоберүүлөр уюштурулсун. (Мезгили туруктуу).
VI. Шаардын укук коргоо кызматтарынын башчыларына (З.Жолболдуев, М.Ашимов, М.Тогуззаков) төмөнкүлөр сунушталсын:
1. Шаарда жагдайлык оперативдүү социалдык кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүү жана анын өнүгүшүнө божомолдун негизинде шаардын жана чыр чатактардын алдын алуу боюнча иш чаралар жүргүзүлсүн; (Мезгили туруктуу).
2. Экстремистик мүнөздөгү кылмыштардын алдын алуу, диний жана конфессиялар аралык касчылыкты козгоого багытталган материалдарды жайылткан адамдарды мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартуу; (Мезгили туруктуу).
3. Туруктуу негизде шаардагы диний мекемелердин ишине талдоо жүргүзүлсүн, ошонун ичинде «Таблиги жамаат» кыймылын жана каттоосуз иштеген башка шарттагы диний уюмдарына каттуу көзөмөл жүргүзүлсүн; (Мезгили туруктуу).
4. Диний билим алуу үчүн өлкөнүн чегинен тышкары кетип жаткан шаардын өспүрүмдөрү жөнүндө маалыматтар такталып турсун. (Мезгили туруктуу).
VII. Маданият бөлүмүнүн башчысына (К. Кулматова) шаардын элине жана өсүп келе жаткан жаштарды ата–бабаларыбызда руханий дөөлөттөрдүн, маданиятын, үрп–адаттарын, мекенчил патриоттук духта тарбиялоону чагылдырган иш чаралар жүргүзүлсүн. (Мезгили туруктуу).
VIII. Шаардагы кварталдык комитеттеринин, көп кабаттуу үйлөрдөгү үй комитеттеринин төрагаларына жана айылдардагы айыл башчыларына, кварталдык жана көчө комитеттеринин төрагаларына төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
1. Чет мамлекетте диний окуу жайларда окуган жаштардын саны такталып шаардын жергиликтүү бийлигине ай сайын маалыматтарды, эгерде шектүү үй–бүлөлөр болсо, шаардын укук коргоо органдарына тез арада билдирилип туруу жагы тапшырылсын. (Мезгили туруктуу).
IX. Мечиттердин имамдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1. Мектеп окуучуларына сабак учурунда мечитке барууга тыюу салынсын;
2. Кыргыз элине жат болгон кийим–кечектерди кийүүгө, аны жайылтууга каршы турулсун жана мечиттердин имамдары кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийүү боюнча үгүт иштерин алып барышсын; (Мезгили туруктуу).
3. Шаардын аймагына башка аймактардан келип дааватка чыгуу маселеси иретке келтирилип, даават жүргүзүү борбордук мечиттин имамынын катуу көзөмөлүндө болсун, даават муфтияттын талабына ылайык келген кийимде жана дааватчыны тастыктоочу документке ылайык жүргүзүлсүн. (Мезгили туруктуу).
X. Кызыл–Кыя шаарында бардык религиялык уюмдарды закондун негизинде каттоо шаардын мэриясына жана укук коргоо органдарына тапшырылсын.
XI. Кызыл–Кыя шаарынын активинин шаардык кеңештин сессиясына сунушталган бардык шаардыктарга, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына, Муфтиятка жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылуусу алымча–кошумчалары менен бекитилсин. (Кайрылуу тиркелет).
XII. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерде жума намаздары Кыргыз Республикасынын Муфтияты тарабынан сунушталган «Ханафий» масхабында гана намаз окулсун.
XIII. Башка масхабда намаз окуган жарандарга мечиттин имамдары тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
XIV. Кызыл–Кыя шаарында дааватка чыгуу муфтияттын жана шаардын башкы имамынын уруксаты менен жүргүзүлүп, даватка чыккан дааватчилардын кийими муфтият уруксат берген кийимде чыгышсын.
XV. Шаардын аймагында жайгашкан бардык мекеме–ишканаларда, жогорку жана атайын окуу жайларда, мектептерде диний экстремизимге бөгөт коюу максатында шаардын мэриясына иш–чараларды иштеп чыгып, аны аткаруу жагы тапшырылсын.
XVI. Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы–Конституциясына каршы иш–жүргүзгөн диний агымдарга иш–чара колдонуу, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүү шаардын укук коргоо органдарына тапшырылсын.
XVII. Шаардагы коомдук жерлерде (көчөлөрдө, бульварларда), балдар мекемелеринде жана окуу жайларда диний түрдөгү китептер, аудиоматериалдарды сатууга тыюу салынсын.
XVIII. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |