Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 4–апрели №16/51
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинде (V чакырылышы) 2013–жылда жүргүзүлгөн
иштер жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковдун отчету тууралуу.
Кызыл–Кыя шаардык кеңеши өткөн 2013–жылда өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлунда кабыл алынган №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, шаардык кеңештин Регламентине жана 2013–жылга кабыл алынган иш–аракет планына ылайык жүргүзүп келди.
Шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналган шаардык кеңештин сессияларынын ролун жана таасирдүүлүгүн күчөтүү, сессияларда айтылган сын сунуштардын, андагы кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну көзөмөлгө алуу, алардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер алып барылды.
Сессияларда каралуучу маселелер шаардык кеңештин аппараты, депутаттык туруктуу комиссиялардын заседаниелеринде мекеме, уюм, ишкана жетекчилеринин жана тийиштүү адистердин катышуусунда алдын ала даярдалып, андан кийин сессиянын кароосуна сунуш кылынып келди.
Отчеттук мезгил ичинде шаардык кеңештин сессиялары Регламентке, мыйзамга негиз кварталына бир жолу, бир жылда төрт жолу, Регламентке негиз бир жылда алты жолу өткөрүү пландаштырылган болсо, 2013–жылда шаардык кеңеш өзүнүн 6 кезектүү, 7 кезексиз сессияларын, бардыгы болуп 13 жолу сессияларын өткөрдү. Ал сессияларда ар түрдүү маанидеги бардыгы болуп, 44 маселе каралып, алардын 41 маселеси боюнча шаардык кеңештин токтомдору кабыл алынган. Ал эми 3 маселе боюнча шаардык кеңештин сессиясынын протоколу менен чечимдер кабыл алынган. Сессияларга сунушталып каралган бардык маселелер боюнча депутаттар арасында кенири талкуу жүргүзүлүп, ар бир маселе боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы шаардык кеңештин төрагасы жана туруктуу комиссиялары тарабынан көзөмөлгө алынып келүүдө.
Өткөрүлгөн шаардык кеңештин сессияларына шаар депутаттарынан сырткары шаардык мекеме, уюм, ишкана жетекчилери жана адистери атайын чакыруу менен катышышты. Ар түрдүү ой пикир, сын–сунуштар менен чакырылгандар депутаттар менен бирге чыгышып сөз сүйлөштү, билдирүү беришти.
Эл шайлаган депутаттар дайыма эл менен бирге болуп, алардын маселелерин чечип, оорун жеңилдетүүнүн үстүндө иш алып барышууда. Элге жардам көрсөтүүдө шаардык кеңештин депутаттары да активдүү иш алып барышып, элдин оорун жеңилдетүүгө баардык күч аракеттерин жумшап келишүүдө.
Шаардык кеңештин кээ бир туруктуу комиссияларынын иштерин активтештирүү зарыл. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн иштерин кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин регламентине негиз, анын талаптарын сактоо менен алып барышса депутаттардын, туруктуу комиссиялардын активтүүлүгү жогорулап, сессиялардын деңгээли көтөрүлүп, шаардык кеңештин ишинин натыйжалуу болуусуна шарт түзүлөт.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинде отчеттук мезгил ичинде жүргүзүлгөн иштер жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковдун отчетун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттар тарабынан берилген сунуштарды, айтылган сындарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шардык кеңешинин 2013–жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковдун отчету “канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковго шаардык кеңештин ишин шаардык кеңештин Регламентине жана кабыл алынган иш планга негиз алып барууну камсыз кылуу жагы милдеттентирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковго шаардык кеңештин сессиялары кабыл алган токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу жана туруктуу комиссиялардын иштерин активдештирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковдун 2014–жылдын 6 айында алып барган иштери боюнча отчету шаардык кеңештин сессиясында каралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары С. Джураевке жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |