Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 4–апрели №16/52
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2014–жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2013–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбооруна шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, иш планды талкуулоодо шаардык кеңештин депутаттары жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары тарабынан берилген сунуштарды эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана шаардык кеңештин Регламентине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2014–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (2014–жылга иш план тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А. Маткалыковго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | |
Кызыл – Кыя шаардык кеңешинин сессияларында каралуучу маселелер | ||||
1. | Кызыл–Кыя шаарынын 2012–жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылгандыгын бекитүү жөнүндө. | 1–квартал, январь айы | Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |
2. | Кызыл–Кыя шаарынын 2012–жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылгандыгынын абалын талкулоо жөнүндө. | 1–квартал, февраль айы | Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |
3. | Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө. | 1–квартал, февраль айы | Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |
4. | Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө: –6 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет– –9 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет– –12 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет– | Квартал сайын июль айы, октябрь айы, 2015-жылдын февраль айы | Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |
5. | Кызыл–Кыя шаарын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнүн 2013–жылга кабыл алынган көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаевдин отчету жөнүндө. | 2–квартал, апрель айы | Кызыл–Кыя шаарынын мэри. Бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы. | |
6. | Кызыл–Кыя шаардык ИИБнүн диний экстремизимдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча алып барып жаткан иштери жөнүндө. | 2–квартал, апрель айы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальниги. | |
7. | Кызыл–Кыя шаарынын шаардык аялдар кеңешинин 2013–жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету. | 2–квартал, май айы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
8. | Кызыл–Кыя шаарынын жайыт комитетинин фермерлерди жайыт менен камсыз кылуу, жайытка баруучу жолдорду оңдоп калыбына келтирүү жана жалпы эле жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 2–квартал, май айы | Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
9. | Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол Кайгуул Кызматынын (ЖКК) бөлүмчөсүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 2–квартал, июнь айы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
10. | Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) сессияларында 2014–жылдын 1–жарым жылдыгында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө.
| 3–квартал, июль айы | Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары С. Джураев | |
11. | Калкты таза ичуучу суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардык “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 3–квартал, июль айы | Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
12. | Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн шаарда маданият тармагын өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 3–квартал, июль айы | Саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. Шаардык маданят бөлүмүнүн башчысы. | |
13. | Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2013–2014–окуу жылынын жыйынтыгы жана билим берүүнүн деңгээлин, сапатын жогорулатуу боюнча алып барган иштери, 2014–2015–окуу жылына карата даярдыктары жөнүндө. | 3–квартал, август айы | Саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
14. | Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаттык фракцияларынын шайлоочулардан алган наказдарын аткаруу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө билдирүүлөрү. | 3–квартал, август айы | Шаардык кеңештин депутаттык фракциялары | |
15. | Кызыл–Кыя шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн шаарда спорт тармагын өнүктүрүү багытында алып барып жаткан иштери жөнүндө. |
| Саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
16. | Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга мекеме – ишканалардын, жеке ишкерлердин жана атуулдардын шаардын аймагындагы жерлерди пайдалангандыктары үчүн зоналдык К3–коэффициенти жөнүндө. | 3–квартал, сентябрь айы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча жана бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиялары. | |
17. | Кызыл–Кыя шаарынын генералдык планы, анын аткарылышы жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү, шаардын жалпы архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралу шаардын башкы архитекторунун отчету жөнүндө. | 3–квартал, сентябрь айы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
18. | Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча департаментинин: муниципалдык менчиктеги обьектерди пайдалануу; муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү; муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу; муниципалдык менчиктеги обьектилерди 2013–2014–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу отчету жөнүндө. | 4–квартал, октябрь айы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча жана бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиялары. | |
19. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде шаар ичинде калкты мамлекеттик социалдык жактан камсыздандыруу, коргоо жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын алып барган иштери тууралуу. | 4–квартал, октябрь айы | Экономика, миграция, жумушсуздук туризм жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы. | |
20. | Саламаттыкты сактоону реформалоо, калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча шаардагы Үй–бүлөлүк Медицина Борборунун (ЦСМдин), аймактык оорукананын (ТБ) жана райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын алып барып жаткан иштери жөнүндө. |
| Саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
21. | Кызыл–Кыя РЭТинин шаар калкын өнөр-жай жана социалдык обьектерди электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, 2014–2015–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо жана техникалык, комерциялык жоготууларды, дебитордук карыздарды азайтуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
| 4–квартал, ноябрь айы | Ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
22. | Кызыл–Кыя шаарынын борбордук буу казаны ишканасынын шаар калкын жана социалдык обьектилерди жылуулук энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, ишкананы 2014–2015–жылдардын күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө. | 4–квартал, ноябрь айы | Ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
23. | Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигиндеги обьектердин 2015–жылга классификацияларын бекитүү жөнүндө. | 4–квартал, декабрь айы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | |
24. | Кызыл–Кыя шаарына 2013–жылы тартылган инвестициялар жана алардын өздөштүрүлүшү боюнча шаардын мэриясынын маалыматы жөнүндө. | 4–квартал, декабрь айы | Экономика, миграция, жумушсуздук туризм жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы. | |
25. | Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы) сессияларында 2014–жылдын II жарым жылдыгында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө. | 4–квартал, декабрь айы | Шаардык кеңештин төрагасы А. Маткалыков | |
УЮШТУРУУ ИШТЕРИ | |||
1. | Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин “2014–жылды– мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы”,–деп жарыялоо жөнүндө 2014–жылдын 29–январындагы ПЖ №17 Жарлыгын аткаруу боюнча иш–аракеттерди жүргүзүү. | Жыл ичинде. 07.04.14. 07.07.14. 07.10.14. | Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы |
2. | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү. | Жыл ичинде, 13.03.14. 18.04.14. 23.05.14. 20.06.14. 18.07.14. 22.08.14. 19.09.14. 17.10.14. 21.11.14. 19.12.14. | КР ЖӨБИ жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары, эл аралык уюмдар менен. |
3. | Кызыл–Кыя шаарын көрктөндөрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо жана калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча иш–аракеттердин жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө. Шаардык кеңештин аппараты жана депутаттары ишембиликтерге чыгуу
| Ай сайын.
12.04.14. 26.04.14. | Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары.
Депутаттар, аппарат. |
4. | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кенештин туруктуу комиссиялардын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде. 10.04.14. 15.05.14. 19.06.14. 17.07.14. 15.08.14. 11.09.14. 16.10.14. 14.11.14. 12.12.14. | Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары. Шаардык кенештин аппараты. |
5. | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларында айтылган сын– сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде. 09.07.14. 31.12.14. | Шаардык кеңештин аппараты. |
6. | Шаардын кварталдык, үй комитеттери жана аксакалдар соттору менен уюштуруучулук иштерди алып баруу. | Жыл ичинде. 28.04.14. 26.05.14. 30.06.14 28.07.14. 25.08.14. 29.09.14. 27.10.14. 24.11.14. 29.12.14. | Шаардык кеңеш, шаардык кенештин туруктуу комиссиялары. |
7. | Шаардагы ардагерлер кеңеши, жаштар уюмдары, аялдар кеңештери жана башка коомдук уюмдар менен уюштуруучулук иштерди алып баруу | Жыл ичинде. 30.04.14. 06.05.14. 25.06.14. 24.09.14. 17.12.14. | Шаардык кеңеш, шаардык кенештин туруктуу комиссиялары. |
8. | Шаардык кеңештин сессиясынын ишине жергиликтүү газеталардын, телевидениянын кабарчыларын чакырып катыштыруу. | Ар бир сессияга. 17.01.14. 19.02.14. 04.04.14. 25.04.14. 30.05.14. 27.06.14. 25.07.14. 29.08.14. 26.09.14. 31.10.14. 28.11.14. 26.12.14. | Шаардык кеңештин аппараты |
9. | Гендердик саясат боюнча мыйзам жана токтомдорду аткаруу боюнча иштерди алып баруу. | Жыл ичинде. 08.04.14. 09.07.14. 07.10.14. 13.01.15. | Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы, коомдук уюмдар. |
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: |
Р.Абдукаюмов |