Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 4–апрели №16/53
Кызыл–Кыя шаарынын аймагынын жайыттарынын тышкы чек араларын жана аянттарын бекитүү жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, «Жер жана кыймылсыз мүлк» компаниясы тарабынан даярдалган Кызыл–Кыя шаарынын аймагынын жайыттарынын тышкы чек аралары боюнча кошуна райондордун чектеш айыл өкмөттөр аралыгында чыр–чатактар жана келишпестиктер жоктугуна байланыштуу, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагынын чектеш айыл өкмөттөр аралыгында чыр–чатактар жана келишпестиктер жоктугуна байланыштуу жайыттарынын тышкы чек аралары даярдалган материалдарга ылайык бекитилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын аймагынын жайыттарынын жалпы аянты 2768 гектар болуп бекитилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын аймагынын жайыттарынын тышкы чек араларын жана аянттарын бекитүү, аларды шаардын жер балансына алуу иштерин аягына чыгаруу жагы “Ак–Булак” жайыт комитетинин төрагасы А.Маматовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |