КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 4-апрели №16/54
2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Мыйзамынын 31-беренесине негиз, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2014-жылдын 24-январындагы кайрылуу катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 14235800 “Атайын каражаттар” статьясынын киреше бөлүгүнүн планы 7440,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттар чыгашасынын 2218 “Тамак аш азыктарын алуу” статьясына 5682,2 миң сомго, 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясына 1047,0 миң сомго жана 2221200 “Башка чыгымдар” статьясына 673,7 миң сомго, 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 37,1миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык каржы бөлүмүнө жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |