Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014–жылдын 4–апрели №16/55
2012–жылдын 25–ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутат болуп шайланышкан Абдулхакимов Анвардин Абдулхамедовичтин жана Кыргызбаева Бүбүниса Хабибилаевналардын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 24–беренесинин 2–пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3–, 5– беренелерине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Республика» саясий партиясынын депутаттык фракциясынын 2014–жылдын 28–мартындагы №4 протоколун, Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын шаардык кеңешке 2014–жылдын 31–мартында кириш болуп катталган катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012–жылдын 25–ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо Кызыл–Кыя шаардык кеңешине Республика фракциясынан депутат болуп шайланышкан Абдулхакимов Анвардин Абдулхамедовичтин жана Кыргызбаева Бүбүниса Хабибилаевналардын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Республика фракциясынын партиялык тизмесинде кийинки кезекте турган талапкерлерге Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутаттык мандатын ыйгаруу жагы Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М.Маматовко тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Маткалыков |