ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз II - сессиясы
2014-жылдын 4-июну №06
Токтогул шаарынын мэри
кызмат ордуна шайлоо
боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 43-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз II - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 04-июль 2014-жылдагы протоколунда көрсөтүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен Калмурзаев Марат Сагынбекович Токтогул шаарынын мэри болуп шайлансын.
2. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылсын.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы: |
К.Дербишев |