Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-сентябры №3
Жаңы-Ачы айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Кыогыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесин, «Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 4-15-19- беренелерин негиздеп Жаңы-Ачы айылынын тургундарынын 04.02.2013-жыл жалпы жыйынынын протоколу айыл өкмөт башчысынын №303 25.09.2013-жыл сунуш катын угуп талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ачы айылынын тургундарынын аталган айылга балдар бакчасын ачуу жөнүндө демилгеси колдоого алынсын.
2. Жаңы-Ачы айылынын тургундарынын жана өкмөт башчысынын ошол айылдагы З.Жамашов атындагы мектептин экинчи имаратындагы бош турган 4-класстык бөлмөгө балдар бакчасын уюштуруу жөнүндөгү сунушуна макулдук берилсин
3. Балдар бакчасын ачуу үчүн керектүү иш кагаздарын тиешелүү мекеме уюумдар аркылуу даярдоо жана токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго балдар бакчасы уюуштуруу боюнча айыл тургундарынан көрсөтүлгөн жумушчу топко милдеттендирилсин.
Кызыл-Туу айылдык кенешинин төрайымы: |
Т.Наримбетова |