Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 25-сентябры №4
Талаа-Булак айылындагы К.Төрөмаматов атындагы орто мектебинин 9-класстын окуучуларын эки класска бөлүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Талаа-Булак айылындагы К.Төрөмаматов атындагы орто мектебинин директору Н.Тураповдун 21.09.2013-жыл 9-класстын окуучуларынын саны 34 болуп ал эми мектептин класстык бөлмөлөрү 34 окуучуга ылайыктуу эмес экиндигине байланыштуу 9-класстын окуучуларын эки класс кылып бөлүү жөнүндөгү кайрылуу катын талкуулап класстык бөлмөлөрдүн чындыгында 34 окуучуга ылайыктуу эмес экиндигин жеринде көрүп Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылындагы К.Төрөмаматов атындагы орто мектебиндеги 9-класстын окуучуларын эки класс кылып бөлүү жөнүндө кайрылуу каты колдоого алынсын
2. Жогорудагы токтомду мызам негизинде колдоп берүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин төрайымы: |
Т.Наримбетова |