Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-сентябры №6
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыгын жана жер салыгын киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3 бөлүгүнө 17.10.2008-жылы №234 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин киргизүү жөнүндөгү» мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынын тартип Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү салыктар киргизилсин
- мүлк салыгы
- жер салыгы
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык зоналык коэфициенттин мааниси бекитилсин жана ставкасы Кз-1,0 өлчөмүндө белгиленсин
3. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нормативтик актылардын Мамлекеттик реестрине каттоого алууга жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановко милдеттендирилсин.
Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин төрайымы: |
Т.Наримбетова |