Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-августу №5
Социалдык акыйкаттуулукка жетүү
үчүн ак ниет башкарууну илгерилетүү
алкагында сунушталган долбоорлор
жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жөнүндөгү өнүгүү планында белгиленген Жаңы –Ачы айылынын балдар бакчасынын айланасына темир тосмо жана ойноо аятчасы, ошондой эле Жашасын-1 айылынын ички көчөлөрүнө таза суу системасын тартуу жана Кара-Көл айылындагы ТОСко компьютер жана инвентарь алуу долбоорлорун карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Ачы айылындагы балдар бакчасы темир тосмо жана ойноо аятчасы, Жашасын -1 айылындагы ички көчөлөргө таза суу системасын тартуу жана Кара-Көл айылындагы ТОСко ички эмеректер жана компьюютер алуу долбоорлору колдого алынсын
2. Токтомдогу долбоорлор калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жөнүндөгү онүгүү планында эң башкы муктаждык болуп белгиленген . Жогорудагы долбоордун суммасына жараша жамааттын жана айыл өкмөттүн салымдары аркылуу долбоорду колдоо, ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы А Асановго жана айылдардын жумушчу топторуна милдеттендирилсин
Кызыл-Туу айылдык Кенешинин төрайымы: |
Т.Наримбетова |