Редакцияот 03.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы

2013-жылдын 3-майы №1

2012-жылы Кызыл-Туу

айылдык аймагында аткарылган

иштер жана 2013- жылга карата

социалдык-экономикалык өнүгүү

планы жөнүндө

Кызыл-Туу айылдык аймагында 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планы боюнча аткарылган иштер жөнүндө социалдык адис А.Сулаймановдун маалыматын талкуулап. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы 2012-жылга пландаштырылган социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.

2. 2013-жылга карат түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы алымча-кошумчасы менен жактырылсын.

3. Социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашырып аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тийешелүү адистерине  жана өкмөт башчысы А.Асановко милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Туу айылдык

Кеңешинин төрайымы:

 

Т.Наримбетова