Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 9-июну №1
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек №10а, Молодежная 47 жана Р.Азимов н/ж көчөсүндөгү курулган көп кабаттуу үйлөрдү менчиктештирүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак-жай Кодексинин 58-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндөгү” мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер Министри Т.Сарпашевдин №20-55 –катын эске алып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.09.2013-жылдагы чыг.№8-1/1361 сандуу катынын жана Курманбек көчөсүндөгү №10а үйүнүн жашоочуларынын атынан 24.09.2013-жылдагы кир.№426 сандуу арызынын негизинде шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 16.01.2014-жылдагы чечимине ылайык жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган Жалал-Абад шаарындагы Молодежная №47 көчөсүндөгү 60-батирлүү көп кабатту үй жана Курманбек №10а көчөсүндөгү 60 батирлүү көп кабаттуу үйлөр курман болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандар жарандарга акысыз түрдө менчиктештирип берүүгө уруксат берилсин.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында көзү азиздер жана дүлөйлөр коомуна курулган Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов көчөсү н/ж дарегиндеги 40-батирлүү көп кабаттуу үй көзү азиздерге жана дүлөй жарандарга акысыз түрдө менчиктештирип берүүгө уруксат берилсин.
3. Жогорудагы даректеги көп кабаттуу үйлөрдөгу батирлер боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүлөр болсо, ал териштирүүлөр аяктагандан кийин менчиктештирүү жагы шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилсин.
4. Менчиктештирүүгө байланышкан тиешелүү иш кагаздарды даярдоодо көмөктөшүү жагы шаардык мэрияга жана Жалал-Абад жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Н.Исмаилов |