Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-июну №3
Жалал-Абад шаарынын 2010-жылдын июнь окуясында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган коомдук фондунан акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесин негиз кылып, 2010-жылдын июнь окуясында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында ачылган коомдук фондунда шаардын ишкерлери тарабынан чогулган 230,604 миң сом акча каражатын чыгымдоо тууралуу шаар мэри М.Арапбаевдин оозеки сунушунун негизинде жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылда июнь окуясында жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн ачылган коомдук фондунан 180,0 миң сом акча каражатын июнь окуясынын 4 жылдыгын белгилөө үчүн шаардык мэрия аркылуу чыгымдоого уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Арапбаев) бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары: | Н.Исмаилов |