Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 9-июну №5
Жалал-Абад шаарында курулуучу 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушуна жарыяланган тендер жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин 12.03.2014-ж. «Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2015-2016 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө» № 1-токтомунун 5-тиркемеси аркылуу Жалал-Абад шаарында 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу 28374,2 миң сомго бекитилген. Калган каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүп берилээрин белгилеп, ошол акча каражаты бөлүнгөнгө чейин жарыяланган тендерди токтотуп туруу жөнүндө шаар мэринин маалыматын угуп жана депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен депутаттардын шаардык кенешинин кезексиз XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңештин 12.03.2014-ж. «Жалал-Абад шаарынын 2014-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2015-2016 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө» № 1-токтомунун 5-тиркемеси аркылуу Жалал-Абад шаарында курула турган 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушуна жарыяланган тендер КРнын Өкмөтүнөн акча каражаты бөлүнгөнгө чейин убактылуу токтотулсун.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Н.Исмаилов |