Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы №44
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2014-жылга
карата бюджетин бекитүү жөнүндө
2014-жылга карата Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С.Кочоралиеванын маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 5162,6 сомго жана чыгаша булагы 5162,6 сомго,атайын каражаттар боюнча 555 сомго бекитилсин.
2. Каржы-экономикалык бөлүмүн кызматкерлери /Көчөралиева С,Жумабекова П,Жолбунова Д,Егембердиева Г/
-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салыктын ,салык эмес төлөмдөрдүн жана мурунку жылдардан калган карыздардын негизинде 100% аткаруу милдеттендирилсин.
3. 2013-жылдын негизги эсебинин эркин калдыгы 380,3сомго,атайын каражаттардын эркин калдыгы 3,6 сомго бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Мусакеев |