Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры №1
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча каражаттар жөнүндө
Финансы-экономика бөлүмүнө салык түрлөрүн 2013-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бекитилген пландан ашыкча түшкөн кирешени зарыл чыгымдарга сарптоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Унаа салыгынан 664,7 миң сом, мамлекеттик пошлинадан 77,4 мин сом жана сатуудан түшкөн салыктан 98,0 миң сом жалпы кошумча түшкөн 817,1 миң сом бекитилген планды көбөйтүп берүү КР каржы министрлигинен суралсын.
2. Бекитилген пландан ашыкча түшкөн ичинен 650,0 миң сом акча каражаты төмөнкү чыгымдарга сарптталсын:
· 22152100 “Имараттарды оңдоо” статьясына 427,0 мин сом
· 22156900 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясына 211,0 миң сом
· 2214 “Унаа төйлөө кызматы” статьясына 12,0 миң сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асановго жүктөлсүн.
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрайымы: |
Т.Наримбетова |