БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-апрели №22
“Беловодск айыл өкмөтүнүн
2012-жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө
жана 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө”
Башкы адис-эсеп бугалтери Л.М. Васильеванын “Беловодск айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө жана 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө” отчетун угуп жана талкуулап, Беловодск айыл округунун кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө отчету бекитилсин: киреше боюнча – 78790,2 суммасы (анын ичинде 48571,3 грант жана каражаттардан алынган), чыгаша боюнча – 78200,9 миң сом.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын атайын эсебин аткаруу жөнүндө отчету бекитилсин: киреше боюнча – 2140,7 сом (анын ичинде 1996,5- ата-энелер төлөөсү), чыгаша боюнча – 2014,2 сом.
3. Беловодск айыл өкмөтү берген 2013-жылдын бюджети бекитилсин. Киреше боюнча – 81033,9 миң сом (анын ичинде гранттар – 24847,5), чыгаша боюнча-81033,9 миң сом.
4. Беловодск айыл өкмөтү берген 2013-жылдын атайын эсеп сметасы бекитилсин: киреше боюнча-2017,2 миң сом (анын ичинде 1897,2- ата-энелер төлөөсү), чыгаша боюнча-2017,2.
5. Беловодск айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык түшүү булактарынын эсебинен калыптанышы аныкталсын.
6. Беловодск айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын атайын эсеп сметасынын киреше бөлүгү №2 тиркемеге ылайык түшүү булактарынын эсебинен калыптанышы аныкталсын.
7. Беловодск айыл өкмөтүнүн бюджетинен чыгашаларды каржылоо каражаттары №3 тиркемеге ылайык , атайын эсебинен каржылоо №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Беловодск айыл өкмөтүнүн 2013-жылга чыгашаларды каржылоосу анык алынган кирешелердин чегинде калыптанышы,анда биринчи тартипте сактоо беренелери (айлык акы, сацфонд) белгиленсин.
9. Беловодск айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бюджеттик мекемелерди 2013-жылга чыгаша сметаларын берүүгө милдеттендирилсин.
10. Беловодск айыл өкмөтүнө 2013-жылы укук берилсин:
-айылдык кеңештин 2013-жылдын жергиликтүү бюджети жөнүндө токтомуна өзгөрүүлөр киргизилсин (кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруу), киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда кошумча смета түзүлсүн.
11. Мекемелердин кезектеги оңдоо, христиандык мазардын эски тосмосун оңдоо, суу түтүктөрүн оңдоо, мусулман мазарынын жанындагы Ак-Суу с. түздөө иши, жолдорду асфальттоо жана чуңкурду оңдоо, канализацияны куруу, Ленина көч. абаттоо, балдар жана таштанды аянтчаларын куруу, БББ кезектеги оңдоо жана суу түтүгүн куруу аткарылсын. Беловодск жана Кош-Дөбө а. кургатуу тармагын тазалоо иштери аткарылсын.
12. Билим берүү кызматкерлерине жана мектепке чейинки мекемелердин тарбиячыларына сметага ылайык коммуналдык тейлөө төлөнүп берилсин.
13. Уюк байланышына жана аппарат боюнча ордуна иштөөгө(кароолчу) каражаттар коюулсун.
14. Калктын жарды катмарына жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, жамааттык келишимине ылайык материалдык жардам көрсөтүлсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү ФЭБ башчысы К. Айдралиевага жана бюджеттик комиссиянын төрагасы Н.А. Копыловго жүктөлсүн.
Беловодск айыл округунун кеңешинин төрагасы: |
Чекирбаев О. |