Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июлу №277
“Түнкү убакытта жарандардын тынчтыгын жана жымжырттыктын жалпы убактысын белгилөө жөнүндө”
Беловодск а. жарандарынын, түнкү 23 сааттан кийин Беловодск айыл округунун жарандарынын тынчтыгын бузган ар кандай аракеттер, алар:
-ар кандай үн чыгарылган аппараттардан чыккан катуу музыка, катуу үн сигналдары, ошондой эле автоунаа каражаттарында, майдачекене соода объектилеринде – күркөлөрдө, павильондордо, лоттордо орнотулган үн күчөөтүлөр;
-музыкалдык инструменттерде ойноо, кыйкырык, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле катуу үндөргө кошулган башка аракеттер;
-пиротехникалык каражаттарды колдонуу;
-куруу жана оңдоо иштерин жүргүзүү жанатүнкү убакытта жарандардын тынчтыгын жана жымжырттыкты бузууга алып келген башка аракеттер;
-турак массивдердин жанына жакын жайгашкан катуу музыка менен коштолгон жайкы кафе, бар жана дискотекалардын иштеши жөнүндө, көп сандаган арыздардын негизинде, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Түнкү убакытта жарандардын тынчтыгын жана жымжырттыктын жалпы убактысы түнкү 23-00 сааттан 6-00 кийинки күндүн эртең мененки убакытка чейин белгиленсин.
2. Москва районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана Беловодск айыл округунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына майдачекене соода объектилерин жайгаштыруу, кафе, бар жана дискотекаларды ж.б. көңүл ачуучу мекемелерди уюштурууда ушул токтомду жетекчиликке алышсын.
3. Беловодск айыл округунун аймагында жарандардын тынчтыгын бузган жактарга чараларды колдонуу үчүн, ушул токтом Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилсин.
4. Ушул токтом “Сельская Новь” райондук гезитинде жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О. Чекирбаевге жүктөлсүн.
Беловодск айыл кеңешинин төрайымы: |
О.Третьякова |