Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-октябры №295
“Айыл чарба эмес багытындагы жана калкконуш жерлерин пайдалануу үчүн, ошондой эле Беловодск а. жана Кош-Дб а. боюнча 2013-жылга короо-жай участкаларынын жерлери үчүн чөлкөмдүк коэффицентин бекитүү жөнүндө”
КР салык кодексинин 339 беренесинин 4п. ылайык, К-3 чөлкөмдүк коэффициенти калконуштар үчүн экономика-мерчемдик зонасынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу бир жылда бирден көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө жергиликтүү кеңештер менен белгиленет, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл чарба эмес багытындагы жана калкконуш жерлерин пайдалануу үчүн Беловодск а. боюнча – 1.2, Кош-Дөбө а. – 1.0 К-3 чөлкөмдүк коэффициенти бекитилсин.
2. Короо-жай жана багбанчылык-огород участкаларынын жерлери үчүн Беловодск а. боюнча – 1.0, Кош-Дөбө а. – 1.0 К-3 чөлкөмдүк коэффиценти бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ж. Алыбековга жана Беловодск айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетекчи адиси Е.Г. Бояркинага жүктөлсүн.
Беловодск айыл кенешинин төрайымы: |
О.Третьякова |