Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-октябры №297
“Коммунальщик” ААК чарбачылыгында турган соцмаданийтиричилик мүлкүн Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жана аны “Таза айыл” МИ чарбачылыгына тапшыруу жөнүндө”
“Коммунальщик” ААК банкроттугуна жана “Коммунальщик” ААК атайын администраторунун сот менен дайындалганына ылайык, КР “Банкрот жөнүндө” Мыйзамынын талабына жана “Коммунальщик” ААК атайын администраторунун соцмаданийтиричилик мүлкүн Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына тапшыруусуна ылайык, 09.102012-жылда кабыл алуу тапшыруу актысынын негизинде, КР “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдын 16 беренесине ылайык, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтү “Коммунальщик” ААК атайын администраторунан кабыл алынган, 09.102012-жылда кабыл алуу тапшыруу актысында көрсөтүлгөн соцмаданийтиричилик мүлктү балансына кабыл алсын.
2. “Таза айыл” МИ чарбачылыгына “Коммунальщик” ААК атайын администраторунан кабыл алынган соцмаданийтиричилик мүлкү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы К.А. Айдралиевага жүктөлсүн.
Беловодск айыл кенешинин төрайымы: |
О.Третьякова |