Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-февралы №109
“Айыл өкмөтүнүн балансына ИСКАКБ тапшыруу жөнүндө”
КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун 16.02.2010 –ж. №01-9/15 айылдык суу камсыздоо тутумун ИСКАКБ балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансына /менчикке/ бекер тапшыруунун тартиби жөнүндө буйругунун негизинде, Беловодск айыл өкмөтүнүн кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Суу камсыздоо тутумун ИСКАКБ балансынан Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдугу берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О. Чекирбаевге жүктөлсүн.
Беловодск айыл кеңешинин төрайымы: |
О.Третьякова |